Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 21-ноябрдагы токтомуна ылайык, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Канат Исаевдин тергөө абагындагы мөөнөтү 23-декабрга чейин узартылды.
Бул тууралуу соттун маалымат кызматынан кабарлашты.
Исаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында кармалууда.
Канат Исаев 23-октябрда кармалган. Ага карата мурдагы бөгөт чарасы камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасына өзгөртүлгөн.
2017-жылдын сентябрь айында президенттик шайлоонун алдында Канат Исаевге бийликти күч менен басып алуу аракети боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында айып тагылган. 2019-жылдын апрель айында сотко чейинки өндүрүш токтотулган.