Биз менен байланышыңыз

9 айда Кыргызстанга импорттолгон жеңил автоунаалардын саны 3 эсеге өстү

Кыска кабар | 19 Ноя 2022 | 728 | 0

Кыргызстанга 2022-жылдын январынан тарта сентябрына чейин импорттолгон жеңил автоунаалардын саны 3 эсеге өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 9 айдын ичинде жалпы 25,3 миң даана автоунаа алынып келген. Анын жалпы суммасы 271,5 миллион долларга жетип, ар бир автоунаа орточо 11 миң долларга бааланган.

Негизинен автоунаалар Грузия, Орусия, Түштүк Корея, Америка жана Япония, Литвадан жеткирилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM