Биз менен байланышыңыз

20-ноябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 19 Ноя 2022 | 310 | 0

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 20-ноябрда түнкүсүн Баткен облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, кар жаайт. Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө, Чүй, Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +8…+13;

Талас жергесинде түнкүсүн -1…-6, күндүз +6…+11;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 1…+6, күндүз +10…+15;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +6…+11;

Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +4…+9;

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 1…+3 суук, күндүз +11…+13 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM