Connect with us

Ысык-Көлдө эл аралык спорт комплекси курулары кабарланды

Кыска кабар | 19 Ноя 2022 | 184 | 0

Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйынында Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунун Тосор айылына эл аралык спорт комплексин куруу үчүн 72,2 гектар жер тилкесин “Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду” ачык акционердик коомуна берүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, көрсөтүлгөн жер тилкеси ондогон жылдар бою эффективдүү пайдаланылбай, кароосуз калган абалда жана тез арада жакшыртууну жана өнүктүрүүнү талап кылат. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Тосор айылында эл аралык спорт комплексин куруу долбоорунда жыл бою иштей турган көп функционалдуу спорт комплексин өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү каралган, анда улуттук спорт командаларынын өкүлдөрү жана башка спортчулар спорттун 30дан ашык түрү боюнча жыл бою машыгууга, ошондой эле реабилитациядан өтүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

Эл аралык спорт комплексинин курулушун жана тиешелүү инфраструктураны түзүүнү 2023-жылдын жаз айларында баштоо пландалууда. Иш Туризмди өнүктүрүү фондунун уставдык капиталынын жана тартылган финансылык каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт. Аталган комплекстин алдын ала наркы 20 млн АКШ долларын түзөт.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM