Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда «Мыкты лицей» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Кыска кабар | 19 Ноя 2022 | 260 | 0

Үстүбүздөгү жылдын 18-ноябрында Бишкек шаарында башталгыч кесиптик билим берүүнүн 80 жылдыгына арналган мааракелик иш-чара өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Жогорку Кеңештин депутаты Винера Раимбачаева, билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов, министрдин орун басары Расул Абазбек уулу, кесиптик лицейлердин директорлору, өнөктөштөр ж.б. катышты.

Министр Уланбек Мамбетакунов башталгыч кесиптик билим берүүнүн 80 жылдык мааракеси менен куттуктап, өлкөнүн эмгек рыногунун 70%ын бул тармактын өкүлдөрү түзөрүн билдирди.

«Башталгыч кесиптик билим берүү тармагы — мамлекеттин өзгөчө маанилүү тармагы. Себеби бул тармак мамлекеттик келечеги болгон жаштардын кесипкөй адис катары калыптанышында чоң роль ойнойт. Акыркы 20 жылда башка тармактар сыяктуу эле кесиптик-техникалык билим берүүдө чоң өзгөрүүлөр болду. Башталгыч кесиптик билим берүү тармагы эмгек рыногунун талаптарына шайкеш келген квалификациялуу, компетенттүү жумушчу кадрды даярдоо боюнча өз ишмердүүлүктөрүн жүргүзүүдө. Айыл чарба, курулуш, жеңил өнөр жай, тейлөө ж.б. тармактардын 70%ын башталгыч кесиптик билим берүү окуу жайларынын окуучулары түзөт», — деди ал.

Салтанаттын жүрүшүндө «Мыкты лицей» сынагынын жеңүүчүлөрү аталды:

— Жалал-Абад облусундагы №21 кесиптик лицейи;

— Ош облусундагы №67 кесиптик лицейи;

— Талас облусундагы №90 кесиптик лицейи;

— Баткен облусундагы №7 кесиптик лицейи;

— Бишкек шаарындагы №18 кесиптик лицейи;

— Ош шаарындагы №16 кесиптик лицейи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM