Биз менен байланышыңыз

Баткенде эки ай аралыгында эки үйдүн чатыры жабылды

Кыска кабар | 15 Ноя 2022 | 363 | 0

Баткен облусунун чек ара аймактарына Тажикстандын агрессиясынан талкаланган 420 үйдүн ичинен бүгүнкү күндө 2 үйдүн чатыры жабылды. Бул тууралуу Парламенттин Эл аралык комитетинде Архитектура, курулуш жана турак жай мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин орун басары билдирди.

Анын айтымында, жалпы 409 үйдө курулуш жүрүп жатат. 170 үйдүн пайдубалы курулуп бүтүп, 161 үйдүн дубалы тургузулууда.

Ошол эле учурда Баткенди калыбына келтирүүгө 3 млрд сом каралган болсо, анын 1 млрд сому бөлүнүп берилген. Ал эми курулуш компанияга бүгүнкү күнгө карата 500 млн берилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM