Бүгүн, 14-ноябрда таңкы саат 04:07де Баткен облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Жер титирөө Лейлек районунун Ак-Суу, Коммуна айылдарында 3 балл, Жеңиш, Искра, Андарак, Таш-Булак айылдарында жана Раззаков шаарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.