Биз менен байланышыңыз

Руслан Казакбаев Кыргызстандын Түркиядагы элчиси болду

Кыска кабар | 11 Ноя 2022 | 193 | 0

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Руслан Казакпаев Кыргызстандын Түркиядагы элчиси болуп дайындалды.

Бул тууралуу Президенттик администрациядан билдиришти.

Руслан Казакбаев 2020-жылдын 14-октябрынан 2022-жылдын 22-апрелине чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министри кызматын аркалаган.

Руслан Казакбаев 1967-жылы 18-майда Талас облусунун Бейшеке айылында туулган.

1991-жылы Фрунзе политехникалык институтун, 2002-жылы Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетин аяктаган. Кыргыз Республикасынын толук жана ыйгарым укуктуу элчиси дипломатиялык рангына ээ.

Эмгек жолу:

1992-1994-жылдары – КР улуттук илимдер академиясы;

1995-1996-жылдары – КР ТИМинин консулдук башкармалыгынын үчүнчү катчысы, экинчи катчысы;

1996-1999-жылдары – Кыргызстандын Стамбул шаарындагы өкүлчүлүгүндө вице-консул;

1999-2005-жылдары — КР ТИМинин консулдук кызматынын кеңешчиси, бөлүм башчысы, башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары, жетекчиси;

2005-2008-жылдары — Стамбул шаарында башкы консул;

2008-2009-жылдары — тышкы иштер министринин биринчи орун басары;

2010-жылдын апрель айынан 2012-жылдын сентябрь айына чейин — тышкы иштер министри.

2015-жылы «Республика – Ата-Журт» саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин VI чакырылышына депутат болуп шайланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM