Connect with us

Бишкекте жаштар уюмдарынын башын бириктирген жарманке уюштурулду

Кыска кабар | 11 Ноя 2022 | 350 | 0

Бүгүн, 11-ноябрда К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде жаштар жумалыгынын алкагында уюшулган жаштар уюмдарынын жарманкеси болуп өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.

Аталган иш-чарага 20га жакын жаштар уюмдарынын төрагалары, өкүлдөрүнөн тышкары Маданият, маалымат спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Союзбек Надырбеков, Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исатбек кызы жана Бишкек мамлекеттик университетинин проректору Азамат Сатиев, жаштар жана студенттер катышты.

Иш-чара — бай тажрыйбасы бар эң активдүү жаштар уюмдарын бир аянтчага чогултуу, жаштар уюмдарынын өкүлдөрүн бири-бири менен жакындан таанышуусуна, тажрыйба, идея алмашуусуна шарт түзүү, көмөктөшүү максатында уюштурулду.

Эске салсак, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин демилгеси менен 10-ноябрь «Жаштар күнүнө» карата Бишкек шаарында “Келечек” мамлекеттик жаштар платформасынын алкагында 2022- жылдын 7-11-ноябрь күндөрү билим берүү, креативдүү индустрия, киберспорт, сергек жашоо жана жаштар уюмдарынын жарманкеси иш-чаралары өткөрүлдү.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM