Connect with us

Жарандык активист Адилет Балтабай эркиндикке чыкты

Кыска кабар | 11 Ноя 2022 | 454 | 0

Бүгүн, 11-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда жарандык активист Адилет Али Мыктыбектин (Адилет Балтабай) иши каралды. Ал 5 жылга соттолуп, ошол эле учурда 3 жыл пробациялык мөөнөт белгиленип, эркиндикке чыкты.

Блогер жана жарандык активист Адилет Али Мыктыбек массалык башаламандыкка чакырык жасоого шектелип, камакка алынган. Ал 30-июнда Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү тарабынан кармалып,  милиция ага Кылмыш-жаза кодексинин «Массалык башаламандык уюштуруу» беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

1-ноябрда сот анын камак мөөнөтүн 11-ноябрга чейин узартып, айыпталуучуга өкүм чыгарын билдирген.

Активист буга чейин Кыргызстанда казино ачылышына каршы болуп, митингдерге активдүү чыгып жүргөн.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM