Биз менен байланышыңыз

Ырчы Бекжан Темирхан жол кырсыгынан каза болду

Кыска кабар | 11 Ноя 2022 | 3775 | 0

Кечээ, 10-ноябрда эстрада ырчысы Бекжан Темирхан жол кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу маалыматты анын сахналаш достору тастыкташты.

Жаңы чыгып келе жаткан ырчы көпчүлүккө «Эзилип бүттүм», «Кантем», «Карындаш» аттуу ырлары менен белгилүү болгон.

Бекжан Темирхан Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун Кызыл-Жар айылында туулган. Ал 27 жашта болчу.

«Марал» радиосунун эмгек жамааты, ырчынын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM