Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Айданбек Акматовдун баш коргоо чарасы каралат

Кыска кабар | 11 Ноя 2022 | 250 | 0

Бүгүн, 11-ноябрда Бишкек шаардык сотунда массалык башаламандык уюштурууга шек саналып кармалган жарандардын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча жактоочулардын арызын кароо уланат.

Саат 9.00дөн 10.00 арасында журналист жана саясат талдоочу Айданбек Акматовдун баш коргоо чарасы каралат.

24-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, 20-декабрга чейин камакка алынган.

Кечээ саясатчы Равшан Жээнбеков, укук коргоочу Рита Карасартова, саясатчылар Улукбек Маматаев, Канат Исаев, жарандык активистер Акыл Айтбаев, Марат Баязов, Эрлан Бекчоро уулунун баш коргоо чаралары каралып, 20-декабрга чейин камакка калтырылган.

9-ноябрда БШКнын мурдагы мүчөсү Гульнара Журабаеванын, УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаевдин, жарандык активисттер Али Шабдан, Атай Бейшенбек, Таалай Мадеминовдун, Таластын мурдагы губернатору Айбек Бусурманкуловдун, Конституциялык палатанын мурунку судьясы Клара Сооронкулованын жана саясатчы Перизат Сурановалардын баш коргоо чаралары каралып, шаардык сот райондук соттун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырган.

24-25-октябрларда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кемпир-Абад боюнча кармалган саясатчы жана активисттердин соту болуп, алар 20-декабрга чейин камакка алынган.

23-октябрда Ички иштер министрлиги тарабынан 21 саясатчы жана жарандык активист кармалган. Кармоолор уланып, учурда Бишкекте башаламандык уюштурууга шектелип абака камалгандардын саны 26га жетти. Мындан сырткары Талант Эшалиев ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган болсо, жарандык активист Тилекмат Куренов издөөдө.

Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодескинин 36-278-беренелери («Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу») боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары жүргүзүлгөн. Анын алкагында «массалык башаламандык уюштурууга жана даярдоого, бийликти мыйзамсыз басып алуу» боюнча иштерге катыштыгы бар экендиги боюнча далилдер алынган. Шектүүлөр жашаган даректерде тинтүү жүргүзүлүп, Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, кармоо иштери жүргүзүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM