Биз менен байланышыңыз

УКМК: Кыргыз-орус славян университетиндеги коррупциялык схема аныкталды

Кыска кабар | 10 Ноя 2022 | 273 | 0

Бишкектеги Кыргыз-орус славян университетине абитуриенттерди кабыл алуу боюнча Билим берүү жана илим министрлигиндеги коррупциялык схеманы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, министрликтин жана Кыргыз-орус славян университетинин жооптуу кызматкерлери бир нече жылдар бою ЖОЖдорго абитуриенттерди кабыл алуунун эрежелерин бузуп, бюджеттик орундарга мыйзамсыз студенттерди кабыл алууну уюштуруп келгени аныкталган.

Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы өкмөттөр аралык макулдашууга ылайык, жыл сайын Орусиянын жарандарынын ичинен 50 студент аталган окуу жайга гранттык негизде кабыл алынып, алардын билим алуусу Кыргызстандын бюджетинин эсебинен төлөнүп келет.

Бирок министрликтин жана аталган окуу жайдын жооптуу кызматкерлери акчалай сыйлыкка Кыргызстандын жарандарынын арасынан республикалык тестирлөөдөн төмөн балл алган абитуриенттерди киргизишип турган.

Бул кылмыш иши боюнча жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында министрликтин Жогорку, орто жана ЖОЖдон кийинки билим берүү башкармалыгынын мурдагы башчысы А.Г.М. жана Кыргыз-орус славян университетинин кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Л.Т.М. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM