Биз менен байланышыңыз

Президент Илим күнү менен куттуктады

Кыска кабар | 10 Ноя 2022 | 193 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-ноябрда окумуштууларды жана илимий ишмерлерди кесиптик майрамы – Илим күнү менен куттуктады. Бул тууралуу Президенттик администрациядан билдиришти.

Мамлекет башчысы өз куттуктоосунда илим тармагынын кызматкерлерине кажыбас кайрат, терең изденүү, чыгармачыл ийгилик каалаган.

«Дүйнө жүзүндө жыл сайын 10-ноябрда коомчулуктун илимге болгон аң-сезимин арттыруу үчүн бүткүл дүйнөлүк илим күнү белгиленет. Ошондон улам, Кыргызстанда дагы илимдин жана илимпоздордун ролуна зор маани берүү максатында ал кесиптик майрам катары белгиленип келет. Учурда мамлекетибиз дүйнөлүк атаандаштыкка туруштук берип, андан ары өсүп-өнүгүп кетүүсүнө өбөлгө түзө турган илимий багыттарды аныктоого умтулууда. Бул багытта ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тиешелүү илимий мекемелер менен тыгыз карым-катышта иш алып барышы керек» — деп айтылат куттуктоодо.

Ошондой эле президент өнүккөн өлкөлөр бардык иш-аракеттеринде илимге таянып алдыга жылып жатканын белгилеп, дүйнөдөгү эң ири университеттер жөн гана билим берүү мекемелери эмес, баарынан мурда фундаменталдык жана прикладдык илимди өнүктүрүү борборлору болуп санала тургандыгын айткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM