Биз менен байланышыңыз

Бишкекте «Жаштар жумалыгы» өтүп жатат

Кыска кабар | 9 Ноя 2022 | 194 | 0

Үстүбүздөгү жылдын 7-12-ноябрында Бишкекте Жаштар күнүнө карата билим берүү, креативдүү индустрия, ден соолук темаларына арналган «Жаштар жумалыгы» өтүүдө. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Жаштар жумалыгы ар кандай тематикалык иш-чаралар жана демилгелер аркылуу жаштарга сунушталган мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат берүү максатында өткөрүлүп жатат.

Ошондой эле жумалыктын алкагында “Жаштар уюмдарынын жарманкеси” уюштурулган.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жаштарды, жаштар иштери боюнча мекемелерди, окуу жайларды, мектептерди, хобби ийримдерин, жаштар адистерин жана башка өнөктөштөрдү жаштар ишине тартууга, демилгелүүлүккө жана ишкердүүлүккө үндөгөн тематикалык иш-чараларга катышууга чакырат.

Белгилей кетсек, өкмөттүн 2002-жылдын 14-январындагы №15 токтому менен Кыргызстанда 10-ноябрь Жаштар күнү жыл сайын белгиленүүчү майрам катары бекитилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM