Биз менен байланышыңыз

14-ноябрдан тарта өспүрүм кыздар папиллома вирусуна каршы эмделе баштайт

Кыска кабар | 9 Ноя 2022 | 255 | 0

Ушул жылдын 14-ноябрынан тарта Кыргызстанда 11 жаштагы кыздар үчүн адамдын папиллома вирусуна каршы эмдөө башталат. Бул тууралуу маалымат жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева маалымдады.

Анын айтымында, эмдөө алдын алуучу эмдөөлөрдүн календарына ылайык жүргүзүлөт.

«Бул календарь Саламаттык сактоо министрлигинин 2019-жылдын 23-декабрындагы №1131 буйругу менен бекитилген. Иммунизация маселелери боюнча Илимий-техникалык эксперттер тобу (ИТЭТ) вакцинаны киргизген алгачкы жылы негизги максаттуу топко кошумча 12-14 жаштагы кыздарды да эмдөөнү сунуштайт. Өспүрүм кыздарды план боюнча эмдөө келечекте жыл сайын жатын моюнчасынын рагы менен ооруган 600дөн ашык учурдун, 300гө жакын өлүмдүн алдын алууга мүмкүндүк берет», — деди Арыкбаева.

Эмдөө мектептердеги медициналык пункттарда акысыз жүргүзүлөт. 2022-2023-окуу жылында 11 жаштагы кыздардан тышкары 12-14 жаштагы кыздарга да АПВ вакцинасы сайылат. Вакцина 6 айлык аралык менен эки жолу берилет (биринчи дозасы ноябрда, ал эми экинчи дозасы май айында сайылат). Бул вакцина ийиндин булчуңуна 0,5 мл дозада гана сайылат.

ДСУнун маалыматына ылайык, Кыргызстанда жыл сайын 600гө жакын аял жатын моюнчасынын рагына чалдыгат, алардын ичинен 300 аял бул оорудан көз жумат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM