Биз менен байланышыңыз

«Талибан» кыргыз-тажик чек арасын тынч жол менен чечүүнү сунуштады

Кыска кабар | 7 Ноя 2022 | 251 | 0

КР Президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча өкүлү Таалатбек Масадыков Ооганстанга иш сапары менен барды. Бул тууралуу «Спутник» маалымат порталынын ооган кызматы жазды.

Ал Ооганстандагы «Талибан» өкмөтүнүн тышкы иштер министринин орун басары Шер Мохаммад Аббас Станикзай жана административдик иштер боюнча вице-премьер-министри Абдул-Салам Ханафи менен жолугушкан.

«Талибан» өкмөтүнүн тышкы иштер министри кыргыз-тажик чек арасы боюнча маселелерди тынч жол менен чечип алууну сунуштаган.

Ал эми Абдул-Салам Ханафи менен Таалатбек Масадыковдун кездешүүсүндө Ооганстандын Бадахшан аймагын жердеген аялдар менен балдардын саламаттыгына кам көрүү боюнча Кыргызстандын ниети талкууланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM