Биз менен байланышыңыз

Улутстатком: Өлкөдө 177 көз карандысыз телерадиокомпания иштейт

Кыска кабар | 7 Ноя 2022 | 358 | 0

2022-жылдын башында бирдиктүү реестрге 1800 субъект жалпыга маалымдоо каражаты катары катталган. Акыркы беш жылда ЖМКлардын саны 12%га көбөйгөн. Мындай маалымат Улуттук статистика комитетинин сайтына жарыяланды.

Статистикалык маалыматта өлкөдө учурда 177 көз карандысыз телерадиокомпания иш жүргүзүп жатканы айтылган.

Маалым болгондой, 1925-жылы 8 аталыштагы китеп басмадан чыкса, 2021-жылы 800 миң нускада 685 аталыштагы китеп (болжолдуу 54%ы кыргыз тилинде) жарык көргөн.

Ошондой эле 2021-жылы 29 журнал 72 миң нуска менен басылып чыккан. Алардын үчөө кыргыз тилинде болгон.

Айта кетсек, быйыл кыргыз журналистикасына 98 жыл толду. Тарыхка кайрылсак, 1924-жылдын 7-ноябрында кыргыздын тунгуч гезити «Эркин-Тоо» жарык көргөн. Ал учурда «Кыргыз Туусу» деген ат менен чыгып келет. Ушул күндүн урматына 1993-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «7-ноябрды Кыргызстандын басма сөз күнү катары белгилөө жөнүндө» токтомун кабыл алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM