Биз менен байланышыңыз

Президент журналисттерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Кыска кабар | 7 Ноя 2022 | 200 | 0

«Дүйнө жүзүндө коомдук пикир жаратып, элди туура нукка буруунун башкы куралы – бул жалпыга маалымдоо каражаттары. Өлкө турмушундагы саясий, социалдык-экономикалык маанилүү окуяларды ыкчам, так, ынанымдуу жана калыс жеткирүү милдети басма сөз кызматкерлеринин кесипкөйлүгү менен тыгыз байланыштуу», — деди Президент Садыр Жапаров 7-ноябрь — Маалымат жана басма сөз күнүнө карата журналисттерди куттуктоосунда.

Мамлекет башчы учурда салттуу журналистикага атаандаш болгон социалдык тармактар аркылуу коомдук пикир жаратуу кадимки көрүнүшкө айланганын белгилеп, мындай шартта маалымат таратуучу ар бир сөзүнө жоопкер экенин эскертти.

«Биздин максат — тартип жана мыйзам үстөмдүгү орногон укуктук коомго жетишүү, өлкөдө туруктуулукту камсыз кылып, өнүгүүгө бет алуу. Ар бир жаран, ал ким болбосун: мейли журналист, мейли блогер же катардагы жөнөкөй жаран, айтор баарыбыз бул багытта бир максатты көздөшүбүз кажет.

Коомчулукта ынтымакты бекемдөөгө өбөлгө болуп, заман талабын тереңден түшүнгөн, жаңы багыт, жаңы идея менен жаңы көз караштагы кабарларды даярдаган алдыңкы журналисттердин катары калыңдап баратканы кубандырат.

Биздин Мекенибиз – бул эгемендүү Кыргызстан! Баарыбыз ага астейдил мамиле, аздек сый-урмат кылып, элибиздин жашоосун жакшыртууну, мамлекетибизди алга сүрөөнү башкы милдет деп кабылдашыбыз керек. Албетте, Ата Мекен алдындагы мындай милдетти сиздер менен чогуу аткарабыз. Эркиндикти туу туткан өлкөбүздө кылдат ой жүгүрткөн, кырдаалга калыс баа берген жана маалыматты терең талдаган калемгерлер көп болсун», — деди Садыр Жапаров.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM