Биз менен байланышыңыз

Элдик курултайга аймактардан делегаттар шайланды

Кыска кабар | 5 Ноя 2022 | 176 | 0

Кыргызстанда бүгүн, 5-ноябрда Биринчи Элдик Курултайга катышуу үчүн жергиликтүү жамааттардын курултайлары өттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жергиликтүү курултайлар бардык облустарда, Бишкек, Ош шаарларында, ошондой эле чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынын арасында өттү.

Жергиликтүү жамааттардын курултайларынын делегаттары Бишкек шаарында 25-ноябрга белгиленген Биринчи Элдик Курултайга делегаттарды добуш берүү менен шайлашты.

Ошондой эле, Биринчи Элдик Курултайда талкуулоого өлкөнү жана анын аймактарын өнүктүрүү боюнча негизги маселелер да бекитилди.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Жарлыгына ылайык, Биринчи Элдик Курултайдын ишине 1074 делегат катышат:

— административдик-аймактык бирдиктерден — 1036 делегат;

— чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынан – 28 делегат;

— диний конфессиялардан — 10 делегат.

Административдик-аймактык бирдиктерден делегаттар шайланат:

— 452 айылдык аймактын ар биринен экиден (904 делегат);

— облустук маанидеги 12 шаардын ар биринен экиден жана райондук маанидеги 18 шаардын ар биринен бирден (42 делегат);

— Бишкек шаарынан — 60, Ош шаарынан — 30 (90 делегат).

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM