Биз менен байланышыңыз

JIA 10-ноябрда Бишкек инвестициялык форумун өткөрөт

Кыска кабар | 5 Ноя 2022 | 487 | 0

10-11-ноябрь күндөрү Бишкек шаарынын Дасмия этно-комплексинде Бишкек инвестициялык форуму (BIF)  жана «Жашыл экономика – 2022» аймактык форуму өтөт.

Форумга 1500дөн ашуун катышуучу анын ичинде: 10 өлкөдөн бизнес-делегация, өлкөнүн ар кайсы аймактарынан ишкерлер жана стартап ээлери, 500 потенциалдуу инвесторлорлордун катышуусу күтүлүүдө. Ошондой эле түрдүү багытта ийгиликтүү иш алып барган 80ге жакын жергиликтүү жана чет өлкөлүк компаниялардын товарларынын жана кызматтарынын көргөзмөсү уюштурулат.

Бишкек инвестициялык форуму (BIF) 2015-жылдан бери өткөрүлүп келет жана Борбордук Азиядагы ири бизнес жана инвестициялык форумдардын бири болуп саналат.

Борбор Азиядагы жашыл экономиканы өнүктүрүүгө арналган  «Жашыл экономика – 2022» аймактык форуму  11-ноябрда өтөт. Форумдун негизги максаты бизнес байланыштардын потенциалын түзүү жана жогорулатуу, тажрыйба алмашуу жана Борбор Азия аймагын глобалдык деңгээлде жашыл экономиканы өнүктүрүү үчүн туруктуу платформа катары илгерилетүү үчүн бирдиктүү позицияларды иштеп чыгуу болуп саналат.

Форум ийгиликтүү спикерлерден, пленардык  талкуу,  көргөзмө, айым ишкерлердин ишмердүүлүгү, инвестиция тартуу, 20дан ашуун кызыктуу инвестициялык долбоорлор, инвестиция үчүн компанияларды баалоо боюнча мастер-класстар менен коштолот.

Иш-чара JIA Бизнес -ассоциациясы тарабынан Кыргызстан Банктар союзу, Экономика жана коммерция министрлигинин макулдугу астындагы Кыргызстан туроператорлор ассоциациясы, Deutsche Gesellschaft für Internationale Zusammenarbeit (GIZ) GmbH (Германиянын Эл аралык кызматташтык коому), ПРООНдун Кыргызстандагы Жашыл экономика үчүн өнөктөштүк аракетинин алкагында (PAGE), Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги программалык кеңсеси (ЕККУ), Ага Хан инициативдик фонду, Европа Биримдиги жана Ага Хан Фонду биргелешип каржылаган AP ASIA долбоорунун алкагындагы Accelerate Prosperity инвестициялык бизнес акселератору менен биргеликте уюштурулууда.

Суроолор боюнча толук маалымат : +996 709 566 855.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM