Биз менен байланышыңыз

Айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн экспорттоого убактылуу тыюу салынды

Кыска кабар | 5 Ноя 2022 | 210 | 0

Кыргызстандан айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салынды. Тиешелүү чечим Министрлер кабинетинин жыйынында кабыл алынды.

Аталган чечим өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында кабыл алынган.

Мындан улам жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 47-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө» конституциялык мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык төмөнкүдөй чечим кабыл алынды:

1. Кыргызстандын айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу тиркемеге ылайык белгиленсин.

2. Ушул жылдын 1-ноябрынан тартып 2022-жылдын 31-декабрын кошо алганда Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары Евразия экономикалык бирлигине мүчө болуп саналбаган мамлекеттерге буудай унун ташып чыгууга 100 миң тонна көлөмүндө сандык чектөө белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары Евразия экономикалык бирлигине мүчө болуп саналбаган мамлекеттерге ташылып чыгуучу буудай унуна карата экспорттук квоталардын көлөмдөрүн экспорттоонун бажы жол-жобосуна ылайык тышкы соода ишинин катышуучуларынын ортосунда бөлүштүрүүнүн эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.

Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM