Биз менен байланышыңыз

Бишкекте жергиликтүү курултай өтүүдө

Кыска кабар | 5 Ноя 2022 | 351 | 0

Бүгүн, 5-ноябрда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын курултайы өтүүдө.

Курултайдын күн тартибинде 7 маселе каралган.

  • курултайдын спикерин тандоо;
  • ар бир райондон катчыларды тандоо;
  • делегаттардын санын бекитүү;
  • курултайдын жобосун бекитүү;
  • Элдик курултайга делегаттарды тандоо;
  • Элдик курултайда көтөрүлө турган орчундуу маселелерди бекитүү;
  • делегаттардын резервин бекитүү.

Жалпысынан Биринчи Элдик курултайга Бишкектен 60 делегат жөнөтүү пландалууда.

Президент Садыр Жапаров «Элдик курултайды чакыруу жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Биринчи Элдик курултай 25-ноябрда өткөрүлөрү күтүлүүдө.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM