Биз менен байланышыңыз

9-ноябрда активист Атай Бейшенбек уулунун соту болот

Кыска кабар | 5 Ноя 2022 | 244 | 0

Бишкек шаардык сотунда 9-ноябрда саат 10:30да жарандык активист Атай Бейшенбектин Бишкектеги №1 тергөө абагынан бошотуу иши каралат. Бул тууралуу адвокат Замир Жоошев билдирди.

25-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Атай Бейшенбек уулунун соту болуп, 20-декабрга чейин камакка алынган.

Ал массалык башаламандык уюштурууга шек саналып кармалган, бирок өзүнө коюлган айыпты четке кагып, сот чечимин мыйзамсыз деп атаган.

Атай Бейшенбек уулу «Кемпир-Абадды коргоо» комитетине мүчө болгон эмес, бирок ар дайым Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча түзүлгөн келишимдин долбоорун коомчулукка ачык көрсөтүүнү талап кылып келген.

Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодескинин 36-278-беренелери («Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу») боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары жүргүзүлгөн. Анын алкагында «массалык башаламандык уюштурууга жана даярдоого, бийликти мыйзамсыз басып алуу» боюнча иштерге катыштыгы бар экендиги боюнча далилдер алынган. Шектүүлөр жашаган даректерде тинтүү жүргүзүлүп, Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, кармоо иштери жүргүзүлгөн.

23-октябрда Ички иштер министрлиги тарабынан 21 саясатчы жана жарандык активист кармалган. Кармоолор уланып, учурда Бишкекте башаламандык уюштурууга шектелип абака камалгандардын саны 26га жетти. Мындан сырткары Талант Эшалиев ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган болсо, жарандык активист Тилекмат Куренов издөөдө.

Кошумчалай кетсек, Кемпир-Абадды коргоо комитетине байланыштуу камалган саясатчы Равшан Жээнбеков жана жарандык активист Эрлан Бекчоро уулун абактан бошотуу маселеси 10-ноябрда Бишкек шаардык сотунда каралат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM