Биз менен байланышыңыз

Ошто социалдык дарыкана ачылды

Кыска кабар | 5 Ноя 2022 | 290 | 0

Ош шаарында дагы бир социалдык дарыкана ачылды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Бул дарыканаларда майыптыгы бар жарандар тиешелүү анкетаны толтуруу менен дары-дармектерди сатып алууда 15%дан 25%га чейин жеңилдик берген атайын карта алышат. Карыяларга 15% арзандатуу берилет. Ал эми калган жарандарга 10%дык жеңилдетүү берилет.

Бардык дары-дармектер дарыкана кампаларынын дүң баасында сатылат.

Белгилей кетсек, бул Ош шаарында ачылган үчүнчү социалдык дарыкана. Буга чейин социалдык Курманжан датка көчөсүндө жана Жапалак айылында ачылган.

Жакын арада Ош шаарында дагы үч социалдык дарыкана ачылат. Бул дарыканаларды Ош шаарынын мэриясы Дары-дармек жана медициналык техника департаменти жана «Дармек-Фарм» ЖЧКсы менен биргеликте ачты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM