Биз менен байланышыңыз

Массалык камоолор: Нурлан Асанбеков абакта ачкачылык жарыялады

Кыска кабар | 4 Ноя 2022 | 231 | 0

Бишкектеги массалык баш аламандыктарды уюштурууга шектелип камакка алынган Нурлан Асанбеков ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу жарандык активист Айсулуу Кудайбердиева Фейсбук баркчасына жарыялады.

Маалыматка караганда, Нурлан Асанбеков кармоолор болгон учурда саясатчы Равшан Жээнбековдун үйүндө оңдоо иштерин жүргүзүп жаткан.

«Ал, мыйзамсыз жана адилетсиз камоого каршылыгын билдирип, 1-ноябрда ачкачылык жарыялап, 10 килограммга арыктады. Ачкачылык учурунда ал суу жана тамак ичпей жатат. Ал Кемпир-Абадды коргоо боюнча комитетке эч кандай тиешеси жок. Болгону Равшан Жээнбековдун үйүндө оңдоо иштерин жүргүзүп жатканда, саясатчыга кошулуп камалган», – деди ал.

Кудайбердиеванын айтымында, Асанбеков 10 жаштагы кызын жалгыз багып, тарбиялап келет. Ошондой эле, майыптыгы бар 5 жашар кызына материалдык жардам көрсөтүп турат. Андан тышкары, оорукчан апасы бар жана анын дарылануусу Асанбековдун мойнунда болгон. Сотко тиешелүү маалымкаттар берилгени менен Асанбеков эки айга камакка алынган.

22-октябрда саясатчылар, активисттер жана саясий кыймылдар Кемпир-Абад боюнча документтерди коомчулукка жарыялоону жана чек ара маселелерин Кыргызстандын мыйзамдарынын чегинде кароону талап кылып, «Кемпир-Абадды коргоо» комитетин түзүшкөн эле.

23-октябрда Ички иштер министрлиги тарабынан 21 саясатчы жана жарандык активист кармалган. Кармоолор уланып, учурда Бишкекте башаламандык уюштурууга шектелип абака камалгандардын саны 28га жетти. Алардын ичинен Талант Эшалиев ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган болсо, жарандык активист Тилекмат Куренов издөөдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM