Биз менен байланышыңыз

Бекешев: Кош бойлуу аялдарды убактылуу кармоочу жайда кармоого тыюу салуу керек

Кыска кабар | 4 Ноя 2022 | 304 | 0

Өзгөчө оор кылмыш жасагандан башка учурларда кош бойлуу аялдарды кармоого тыюу салуу боюнча Кылмыш-процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштайм. Мындай пикирди Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Фейсбук баракчасына жазды.

Ал мындай чечимге милиция кызматкерлеринин кош бойлуу журналистке карата адамкерчиликсиз мамиле жасагандан кийин келгендигин белгилеген.

«Мындан тышкары кош бойлуу аялдарды жана улгайган аялдарды шарты өтө начар болгон убактылуу кармоочу жайларда кармоого тыюу салуу зарыл. Анын ордуна элге адамкерчиликсиз мамиле кылган прокурорлорду жана милиционелерди ошол жерде калтыруу керек. «Кылмыш жасаган деген шек менен жана айыптоо менен кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө» мыйзамдын 28-беренесинде каралган кош бойлуу аялдарга карата берилген кепилдиктер сакталбай жатканына ишенем. Бизде милиция эле эмес, бүтүндөй укук коргоо системасы жарандарга карата адамкерчиликсиз мамиле жасайт. Жарандарды камакка алуунун мыйзамдуулугун эске алуу керек болгондо, прокурорлор каякты карашат? Ал эми баш коргоо чарасы каралып жатканда судьялар кайда карашат?  Эл аралык уюмдардын каржылоосу менен Кылмыш-жаза мыйзамдарына жасалган реформалардын бары текке кеткендиги өкүнүчтүү» , — деп жазган эл өкүлү.

Журналист Санрабия Сатыбалдиева 4-ноябрга караган түнү милиция тарабынан кармалган. Анын 2 жашар кызы бар жана учурда кош бойлуу. Укук коргоочу Азиза Абдрасулованын айтымында журналисттин ден соолугуна коркунуч бар.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы 4-ноябрда маалымат таратып, журналист «опузалап талап кылуу» фактысы боюнча шектелип, кармалганын билдирди.

ИИМ азыркы учурда Кылмыш жаза-кодексинин 208-беренесинде (Опузалап талап кылуу) каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүп жатканын маалымдады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM