Connect with us

ИИМ: Тогуз айда жалпы кылмыштуулук 48% азайды

Кыска кабар | 4 Ноя 2022 | 271 | 0
Ички иштер министри Улан Ниязбеков

2022-жылдын 9 айында өлкө боюнча 36 миң 696  кылмыш иш козголгон. Анын 34 миң 226сы ички иштер органдары тарабынан ачылган.

Быйыл козголуп, өндүрүштө болгон кылмыш иштеринин ичинен 18 миң 259 фактынын бети ачылган. Сот органдарына 14 миң 124 кылмыш иши жиберилди.

Өткөн жылы биринчи жарым жылдыкта 43 миң 159 кылмыш катталган.

«Элдин чакырууларына ыкчам чыгып, муктаж болгон жарандарга сервистик тейлөө көрсөтүп, кылмыштуулукту жана укук бузууларды аныктап, алдын алуу боюнча жыл башынан бери 125 автоунаа, 140 ашык байланыш каражатын, 200 ашык орг.техника, учкучсуз учуучу жана дрон аппараттарын алып, ишке киргиздик» , — деп айтылат ИИМдин маалыматында.

Ички иштер министрлиги быйыл 9 ай аралыгында жалпы кылмыштуулук 48%га азайганын билдирди. Анын ичинен оор жана өзгөчө оор кылмыштар 12%га, алдамчылык 23%га, коомдук жайда жасалган кылмыштар 18%га төмөндөгөн.

Жол кырсыктары 8% азайып, каза болгондор 21%, жаракат алгандар 5%  төмөндөгөн.

Мониторинг ишинин жардамы менен жалпы 2 миңден ашык кылмыштарды болтурбай алдын алууга үлгүрдүк. Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы профилактикалык иштерин күчөтүү үчүн, Ички иштер министрлигинде зомбулуктарга каршы иш алып баруу боюнча бөлүмүн ачканбыз. Үй-бүлөлүк зомбулук кылмыштары 13%, зомбулуктан жабыр тарткан адамдардын саны 15% азайган.

«Заманбап ишмердиктин натыйжасында 9 айда өндүрүштө турган кылмыштардын бетин ачуу 12%  жакшырган. Милицияга жардам сурап кайрылган жарандарга шарт түзүү, элге сервистик тейлөө көрсөтүү, санарип тармагын өнүктүрүү боюнча дагы кошумча 10 программаны ишке ашыруунун үстүндө эмгектенип жатабыз. Жалпылап айтканда 9 айда аткарылган иш-чаралар — элдин коопсуздугун камсыздоого, кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө, жаңы метод менен ишмердик алып барууга арналды» , — деди Ички иштер министри Улан Ниязбеков.

Ички иштер министрлиги 2022-жылдын тогуз айындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды. 4-ноябрда ички иштер министри Улан Ниязбеков, орун басарлары жана башка кызматкерлер катышкан жыйын өттү.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM