Биз менен байланышыңыз

Акыйкатчы: Кош бойлуу журналистке адамгерчиликсиз мамиле жасалууда

Кыска кабар | 4 Ноя 2022 | 390 | 0

Кыргызстандын Акыйткачысы Атыр Абдрахматова ИИМ тарабынан кармалган кош бойлуу журналист Санрабия Сатыбалдиева менен жолугуп чыкканын айтты.

«Санрабияга дарыгерлер «бойдон түшүү» мүмкүн деп коюшуптур. Түнү тергөөчү ар кайсы жакка алып жүрө берген. Бул адамгерчиликсиз мамиле деп баалайм. Прокуратура кызматкерлерин жана тез жардам чакырдым» , — деди акыйкатчы.

Журналист Санрабия Сатыбалдиева 4-ноябрга караган түнү милиция тарабынан кармалган. Анын 2 жашар кызы бар жана учурда кош бойлуу. Укук коргоочу Азиза Абдрасулованын айтымында журналисттин ден соолугуна коркунуч бар.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы 4-ноябрда маалымат таратып, журналист «опузалап талап кылуу» фактысы боюнча шектелип, кармалганын билдирди.

ИИМ азыркы учурда Кылмыш жаза-кодексинин 208-беренесинде (Опузалап талап кылуу) каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүп жатканын маалымдады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM