Биз менен байланышыңыз

Салык кызматы: Мыйзамсыз жүк ташыган транспорттор конфискацияланат

Кыска кабар | 4 Ноя 2022 | 255 | 0

Мамлекеттик салык кызматы аткезчилик жол аркылуу ташылып келген товарлар менен кошо унаа да конфискацияланарын билдирди.

Президенттин 2022-жылдын 5-сентябрындагы Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, өлкө аймагына ЕАЭБке мүчө мамлекеттерден эсепке алынбаган товарларды ташып келүүгө бөгөт коюу боюнча күчөтүлгөн иштерди жүргүзүүдө.

Тиешелүү уруксат берүүчү документтери (коштомо кагаз, ЭСФ, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз, салыктык каттоо жөнүндө маалымкат ж.б.) жок товарларды ташып келүү фактылары аныкталган учурда, товар жана аны ташып келген транспорт каражаты тартып алынат.

Буга байланыштуу, Салык кызматы импорттоочу ишкерлерди товар ташып келүүдө мыйзамдардын ченемдерин так сактоого чакырат.

Быйыл июнь айында Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексине буюмдарды аткезчилик жол менен ташыган транспорт каражаттары конфискацияланууга тийиш деген норма киргизилген. Президент  Кылмыш-жаза кодекси менен Жоруктар жөнүндөгү кодекске кол койгон.

Документ товарларды жана транспорт каражаттарын аткезчилик жол менен ташып кирүүгө, сыртка алып чыгууга каршы күрөшүүгө багытталган. Мыйзам долбоору 2022-жылдын 18-майында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Copyright © 2017 Maral FM