Биз менен байланышыңыз

«Унаа» мекемеси 7-8-ноябрь күндөрү иштебейт

Кыска кабар | 4 Ноя 2022 | 215 | 0

«Унаа» мамлекеттик ишканасынын эки бөлүмү 5-6-ноябрда кадимки тартипте иштейт. Бул тууралуу аталган ишканадан кабарлашты.

5-6-ноябрда саат 8:30дан 17:30га чейин иштей турган бөлүмдөр:

Военно-Антоновка айылы, «Риом» унаа базарындагы сектор;

Бишкектин Барпы Алыкулов көчөсү, 3/10 дарегинде жайгашкан бөлүмдөр.

7-8-ноябрда «Унаа» мекемесинин бардык бөлүмдөрү иштебейт.

5-6-ноябрь ишемби, жекшемби күнгө туура келет. Ал эми  7- 8-ноябрь Кыргызстанда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү деп белгиленген. Буга байланыштуу өлкөдө 5-6-7-8-ноябрь күндөрү дем алыш болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM