Биз менен байланышыңыз

The Times Путинди Украинага кол салууга үндөгөн адамдардын ысымдарын жарыялады

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Ноя 2022 | 974 | 0

The Times басылмасы Орусия президенти Владимир Путинди Украинага бастырып кирүүгө үндөгөн адамдардын ысымдарын жарыялады.

Макалада Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу жогорку мартабалуу чиновниктердин арасында болгону «экиленип турган» аткаруучу экени айтылат.

Ал эми Владимир Путинди Украинага кол салуу зарыл экендигине ынандырган саясий фигуралар Орусиянын Коопсуздук кеңешинин баш катчысы Николай Патрушев жана ФСБ директору Александр Бортников болгон, — деп жазат  The Times басылмасы.

Ошондой эле Путиндин согушту баштоо тууралуу чечимине Бортников менен Патрушевден сырткары миллиардер Юрий Ковалчук да таасир эткен. Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу тууралуу, «Ал жогорку мартабалуу чиновниктердин арасында болгону «экиленип турган» аткаруучу гана болду», — деп айтылат.

Украинага кол салуу демилгеси негизинен Орусиянын күч түзүмдөрүнүн жетекчилери тарабынан болгон. Ал эми Орусиянын элитасынын негизги бөлүгү Путиндин согушту баштоо тууралуу сөздөрүн «блеф» катары баалап, кең көлөмдүү аскердик операция башталып кетеринен кабардар болгон эмес.

Орусия ушул жылдын 24-февралында таң эрте менен Украинанын шаарларын бомбалап кол салган. Учурда согуштун айыгышкан салгылашуулары Орусия аннексиялады делген Херсон облусунда жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM