Биз менен байланышыңыз

Пакистандын экс-премьер-министрине куралдуу кол салуу болуп, 3 жерине ок тийди

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Ноя 2022 | 800 | 0

Пакистандын экс-өкмөт башчысы Имран Хандын кортежине чабуул болуп, саясатчынын бутуна ок тийди. Лахор шаарынан 150 км алыстыктагы жайда, экс-премьер-министрдин кортежине ок чыгарышкан. Анда Имран Хан тарапташтары менен өлкөдө мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүү талабы менен борбор калаа Исламабадды көздөй саясий жүрүштү жетектеп бараткан болчу.

Имран Хандын партиялаштарынын билдирүүсүндө куралдуу кол салуу учурунда төрт жаран каза болгон.

AFP агенттигинин маалыматында, кол салгандардын бири окуя жеринде атып өлтүрүлгөн. Дагы бири полиция тарабынан кармалган. Алдын ала маалымат боюнча кол салууну уюштургандар элдин арасына кирип ок чыгарган.

Dawn TV маалыматында Имран Хандын бутуна үч же төрт жеринен ок тийген. Ал ошол замат ооруканага жеткирилип, учурда абалы жакшы экени айтылууда.

Имран Хандын партиялашы Рауф Хасан бул окуяны адам өмүрүнө атайылап кол салуу деп баалап, саясий буюртма деген пикирде.

Өлкөдөгү ири шаарлардын бири Лахордон борбор калаа Исаламабадды көздөй 375 км созулган жөө жүрүш өткөн жума күнү башталган. Анда Пакистандын экс-премьер-министри Имран Хан атайын зооттолгон жүк ташуучу унаанын үстүнө чыгып, ар бир кыштак, шаарга токтоп, саясий билдирүүлөрдү жасап келе жаткан.

Мурун популярдуу крикет оюнчусу болгон Имран Хан 2018-жылы бийликке келген. 2022-жылдын апрелинде өлкө парламенти ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алып, аны отставкага кетүүгө мажбур кылган.

70 жаштагы саясатчы учурда өлкөдө мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоону жарыялоону талап кылып келет. Ал учурдагы өкмөттү шайлоолорсуз келип бийликке отурду деп сындайт.

Пакистандын соңку тарыхында 2007-жылы саясий митинг учурунда өлкөнүн мурдагы өкмөт башчысы Беназир Бхутто өлтүрүлгөн болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM