Биз менен байланышыңыз

Көмүрдүн баасына убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди

Кыска кабар | 4 Ноя 2022 | 272 | 0

Өлкө аймагында көмүрдүн баасына убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Мындай чечим көмүрдүн баасынын өсүү темпин ооздуктоо, күз-кыш мезгилинде калкты көмүр менен өз убагында жана туруктуу камсыз кылуу максатында кабыл алынды.

Мамлекеттик жөнгө салуу 90 календардык күндүк мөөнөткө киргизилди. Буга катар Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо боюнча чараларды көрүүсү тапшырылды.

Бишкекте 1-ноябрдан тарта көмүрдүн тоннасы 4 миң сомдон сатыла баштады. «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдиргендей, бир үй-бүлөгө эки тонна гана сатылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM