Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга Өзбекстандын тышкы иштер министри келди

Кыска кабар | 3 Ноя 2022 | 220 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-ноябрда Кыргызстанга расмий сапары менен келген Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норовду кабыл алды.

Анда кыргыз-өзбек кызматташтыгын өнүктүрүү, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана эки тарапты кызыктырган башка тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болду.

Садыр Жапаров кыргыз-өзбек мамилелери достук, ынак коңшулук жана стратегиялык өнөктөштүк маанайында өнүгүп жатканын белгилеп, кыргыз тараптын мындан ары да эки өлкөнүн ортосундагы жалпы тарыхый мураска, маданиятка, тилге, руханий салттар жана баалуулуктарга негизделген кызматташтыкты кеңейтүү ниетин билдирди.

Владимир Норов эки өлкөнүн министрлеринин деңгээлинде эки тараптуу кызматташтыктын бардык маселелери боюнча саясий консультациялар өткөнүн айтты. Анын ичинде Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапары, аны уюштуруу маселелери талкууланган.

«Жолугушууда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара боюнча келишим эки өлкөнүн кызыкчылыгына жооп берери белгиленди» , -деп айтылат маалыматта.

Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норов расмий Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу менен келгени кабарланды.

Маалыматка караганда, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюшту.

— Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимге;

— Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашууга;

— Суу чарба маселелери боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууга;

— Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен Өзбекстандын “Узархив” агенттигинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандумга;

— ТИМдин Дипломатиялык академиясы менен Борбордук Азия эл аралык институтунун ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашууга;

— эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун 2023-2024-жылдарга кызматташуу программасы.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM