Биз менен байланышыңыз

“Боз алтын” индустриясы же картон кагаздан кантип миллиондогон доллар табышат?

Блог | 5 Ноя 2022 | 1390 | 0

Сиз «боз алтын» жөнүндө уккан белеңиз? Бул жерде айтылып жаткан «боз алтын» же  колдонулган картон-кагаздарды кайра иштетүү инвесторлор үчүн чоң киреше алып келген, миллиондогон долларлык өндүрүштү да түшүндүрөт.

Көпчүлүгүбүз дүйнөгө белгилүү онлайн дүкөндөрдөн ар кандай товарларыбызды буюртма берип, аны үйүбүзгө чейин алып келип беришет. Ошол товар салынган картон-кагаз кутучаларды  уурдоо эл аралык деңгээлде өсүп жатканын билсе, күлсөк керек. Бирок бул азыркы тапта дүйнөдөгү чоң индустрия. Бул тууралуу Аль-Эктисадия басылмасы кең көлөмдүү макала жарыялаган. Аталган макаланын котормосун сиздерге сунуштайбыз:

Колдонулган картондон мыйзамдуу же мыйзамсыз жол менен пайда тапкан миллиондогон долларлар бар экенин билсеңиз таң калат белеңиз? Бул пайдалар кайра иштетилип сатыла турган картон-кагаздарды уурдоо боюнча кылмыштуу топтордун активдүүлүгүнүн өсүшүнө алып келди. Ошол эле учурда бул уурулуктар таштанды башкаруу компанияларынын сатууларынын бир бөлүгүн алган Европа шаарларынын бюджетин азайтып жатат. Аталган “боз алтындын” бир тоннасы 100 доллардан 150 долларга чейин сатылат, баасы глобалдык талапка карап өзгөрүп турат. Ковид-19 пандемиясынын учурунда картонго болгон глобалдык талаптын өсүүсүнөн улам баасы кескин түрдө кымбаттап тоннасы 200 доллардан ашты. Ошол кезде экономикалык иш-аракеттердин басымдуулугу интернеттеги электрондук соода сайттарынан сатып алууга таянганы себептүү картон кутучаларга болгон муктаждык күчөдү.

Акыркы 10 жылда Кытай картонду кайра иштетүү үчүн абдан чоң көлөмдө импроттоп келет, жана чоң экспорттук сектору муктаж болгон фонддорго айландырган. Анын компаниясы АКШдан келген кайра иштетилүүчү картондорду импорттоого адистештирилген.

Бирок, Кытай өзүнүн ички кайра иштетүү өнөр жайын стимулдаштыруу үчүн колдонулган картондун бардык импортуна тыюу салууну пландаштырганына караганда, келерки жылдары Малайзия, Түркия жана Таиланд сыяктуу өлкөлөрдүн ролу жогорулайт деп күтүлүүдө.

“Батыш Мидлэнд картон кайра иштетүү” компаниясынын башкы маркетинг кызматкери Райан Джек сектордун инвестициялык көрүнүшүнө оптимистик маанайда. Анын Аль-Эктисадия басылмасына айтуусунда, кайра иштетүүдөгү мыйзамдуу сооданын көлөмү 2017-жылы 4.3 млрд доллар болгон, ага салыштырмалуу 2024-жылга чейин жылдык көлөм 5.4 млрд долларга чыгышы күтүүлүдө жана онлайн базардагы бул сумманын үзгүлтүксүз жогорулоосу таң калыштуу эмес. Европада картон кутучалардын 93%ы кайра иштетилип келет.

Бирок, Райан Джек ашыкча оптимисттик көз карашта болгусу келбейт, анткени базар өнүгүүсү уланарына ишенгени менен 2020-жылдагы пандемия себеп болуп дүркүрөгөн учурга салыштырмалуу жайыраак болуп жатат.

Таштандыны кайра иштетүү жаатындагы эксперт, инженер Картер Виттер Аль-Эктисадия басылмасына берген билдирүүдө “Заманбап Интелект тарабынан жарыяланган билдирүүгө караганда глобалдык кагаз таңгак базары 64 млрд доллардан ашкан сумманы түзөт жана бул 82 млрд долларга жетиши күтүлөт”,- деп айтылат.

Учурда коммерциялык картон кутулардын 70 пайызга жакыны кайра иштетүү үчүн импорттолот, ал эми АКШ өзү эле жыл сайын 100 миллиарддай картон кутучаларды чыгарат жана бул кутулар бири-бирине жанаша жайгаштырылса, жер шарын 570 жолу орой алат.

Бирок картонду кайра иштетүү индустриясынан пайда болгон кирешелер жогору болгондуктан, өзүнө көп криминалдарды тартты, картон уурулугунун феномени чыныгы көйгөйгө айланды. Уурдалган кайра иштетилүүчү картондун суммасы белгисиз болгонуна карабай, эксперттер Европада, өзгөчө Мадридде, Италияда ойлогондон да чоң көйгөй бар деп эсептешет. Бул көйгөй акыркы учурларда АКШда, өзгөчө Нью-Йоркто, Калифорнияда күчөп баштады.

Которгон: Шергазы Гурбаев

Катар-2022: Дүйнө чемпионаты өтө турган стадиондорго саякат (сүрөт)

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM