Биз менен байланышыңыз

Элдик курултайды өткөрүүнүн күн тартиби бекитилди

Кыска кабар | 3 Ноя 2022 | 193 | 0

Элдик курултайды уюштуруу комитети 3-ноябрда элдик курултайды өткөрүүнүн күн тартибин бекитти. Жыйында курултайдын иш регламентинин жана эмблемасынын долбоорлору жактырылды.

Үстүбүздөгү жылдын 5-ноябрында өлкө аймактарында, Бишкек жана Ош шаарларында, чет өлкөдөгү мекендештер арасынан шайланган делегаттардын элдик курултайга катышуучу делегаттарга карата жергиликтүү курултайлары өтөт.

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов белгилегендей, биринчи элдик курултайда делегаттардын суроолору каттоого алынып, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу коомчулукка жарыяланат. Элдик Курултайда берилген сунуштар, каралган маселелердин жыйынтыгы боюнча чечим кабыл алынат. Чечим элдик курултайдын төрагасы тарабынан бийлик бутактарына, мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тийиштүүлүгү боюнча сунушталат.

Жыйын президенттин сөзү менен аяктайт.

Чакырылган элдик курултай курамы 1074 делегаттан турат.

Анын ичинде:

— административдик-аймактык бирдиктерден — 1036 делегат;

— чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынан — 28 делегат;

— конфессиялык коомчулуктардан — 10 делегат.

Ал эми административдик-аймактык бирдиктерден делегаттардын шайланып келүүсүнө төмөнкүдөй квота каралган:

— 452 айыл аймагынын ар биринен экиден (904 делегат);

— облустук маанидеги 12 шаардын ар биринен экиден жана райондук маанидеги 18 шаардын ар биринен бирден (42 делегат);

— Бишкек шаарынан алтымыш жана Ош шаарынан отуз (90 делегат).

Президенттин «Элдик курултайды чакыруу жөнүндө» Жарлыгына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 25-ноябрында Бишкек шаарында биринчи элдик курултайды өткөрүү белгиленген.

9-сентябрдан бери Баткен облусунда — 275 жыйын, Жалал-Абад облусунда — 491, Ысык-Көл облусунда — 228, Нарын облусунда — 376, Талас облусунда — 138, Ош облсунда — 537, Чүй облусунда — 674, Бишкек шаары — 93, жалпы өлкөнүн аймагы боюнча 2839 жыйын өткөрүлгөн.

Орусиядагы кыргызстандыктар элдик курултайга катышуучу делегаттарды 2-ноябрда тандашты. Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен билдиришкендей, элдик курултайга катышуу үчүн резервдик курам бекитилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM