Биз менен байланышыңыз

Депутат ИИМге: Кыргызстандын жарымын диний экстремист кылып салдыңар

Кыска кабар | 3 Ноя 2022 | 316 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов парламенттин 3-ноябрдагы жыйынында диний экстремизге байланыштуу кармалып жаткандардын маселесин көтөрдү.

Ал Ички иштер министрлигинин экстремизмге каршы жүргүзүп жаткан күрөшүү аракетин сындады.

«Экстремист деген сөз кенен түшүнүктү камтыйт, бирок сиздер эмнеге эле аны динге чаптай бересиздер? Экстремист дегенди «чектен чыгуу» деп түшүнсөк, өлкөдө намаз окубаган, динге, Кудайга ишенбеген да экстремисттер бар десек болот да? А силер бир пост жазып койгон журналистти экстремист деп жатасыңар. Руслан Бекназаров кичи ажылыкка барган, беш убакыт намаз окуган бала, аны да диний экстремист деп камап атасыңар. Бул уят да. Кыргызстандын жарымын диний экстремист кылып таштайсыңарбы? Бул эмне деген күрөш?

Урматтуу ИИМ, силер биринчи диний экстремист дегенде так диагноз кое турган эксперттерди тапкыла. Кимден сурайсыңар, ыраматылык Чубак ажыдан сурайлы десек, бул дүйнөдөн өтүп кетти. Адамдын тагдыры менен ойношпогула. Элди ыймандуулукка, тарбияга үндөгөндөрдү да кармайсыңарбы анда. Адамга айып коердо биринчи далилдөө керек» , — деди Атазов.

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев ар бир иш боюнча экспертизанын негизинде айып коюларын айтты.

1-ноябрда журналист Семетей Талас уулу «Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу» боюнча ачылган кылмыш ишинин негизинде камакка алынган. Ал 3-ноябрда үй камагына чыгарылды.

Саясатчы Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаров да Кылмыш-жаза кодексинин «экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу» беренеси боюнча айыпталган. Ал 2-ноябрда үй камагына чыгарылды.

Парламентте бүгүн ИИМ демилгелеген «Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү» жөнүндө мыйзам долбоору биринчи окууда каралууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM