Биз менен байланышыңыз

«Президентти ажыдаар кылып албагыла». Депутат укук коргоо органдарын сындады

Кыска кабар | 3 Ноя 2022 | 453 | 0

Депутат Элвира Сурабалдиева парламенттин 3-ноябрдагы жыйынында укук коргоо органдарынын жетекчилери өзүнө жакпай калган адамдардын баарын камап жатканын айтып, сындады. Ал кээ бир журналисттердин экстремизмге шектелип кармалышын мисал келтирди.

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев депутаттын суроосуна жооп берип жатып, бардык иш тиешелүү мыйзамдын негизинде тергелерин айтты жана экспертизанын жыйынтыгында гана кылмыш жоопкерчиликке тартыларын айтты.

«Жарандарды жөндөн-жөн эле кылмыш жоопкерчилигине тартуу мүмкүн эмес» , — деди ал.

Депутат Сурабалдиева укук коргоо органдарын мамлекет күчтүү болушу керек деген жүйө менен президентти, мамлекеттин жетекчилигин «ажыдаар» кылып көрсөтүп коюудан алыс болууга чакырды. Себеби залакасы өздөрүнө тиерин эскертти.

«Ошол үчүн мен юристтерге да кайрылат элем, мыйзам жазарда абайлаңыздар, келечекти ойлоңуздар, ортодо сөздүн баары сиздерге тийип жатат. Журналисттин сабалганын бир жумадан бери таппай, көп сөз болуп кетти, ошону сиздер тапсаңыздар болмок. Иштин баары саясатка аралашып кетип жатат. Дагы бир журналистти экстремист катары кармаган туура эмес деп ойлойм. Авторитаризм менен демократиянын ортосунда чек бар, ошону сиздер бузуп койбоңуздар» , — деди депутат Сурабалдиева.

Бишкекте 26-октябрда SuperTV телеканалынын кабарчысы Бактурсун Жоробеков белгисиз бирөөлөр тарабынан сабалып, тонолду. Кабарчынын сабалышы анын кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу болушу мүмкүн экени айтылды.

1-ноябрда милиция жарандык активист Семетей Талас уулун кармап, 48 саатка камакка алган. Ага «Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу» боюнча күнөө коюлду. Журналист 3-ноябрда  журналист үй камагына чыгарылды.

Парламентте ИИМ демилгелеген «Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү» жөнүндө мыйзам долбоору биринчи окууда каралууда.

Copyright © 2017 Maral FM