Биз менен байланышыңыз

#CAMILCon2022: Медиа-маалыматтык сабаттуулук боюнча III борбордук азиялык конференция өтүүдө

Кыска кабар | 3 Ноя 2022 | 365 | 0

Бишкекте 3-4-ноябрь күндөрү сынчыл ой жүгүртүү аркылуу чыгармачылыкты өнүктүрүү урааны астында Медиа-маалыматтык сабаттуулук боюнча III Борбордук Азиялык конференциясы өтүп, ага салтка айланып калгандай Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Украина, Россия, Германия, Франция, Румыния, Финляндия, Монголия жана Вьетнамдан билим берүү тармагынын, жарандык жана медиа уюмдардын өкүлдөрү, тренерлер жана эксперттер катышууда.

Эки күндүк конференциянын жүрүшүндө катышуучулар ММС (медиа жана маалыматтык сабаттуулук) элементтери менен офлайн жана онлайн форматта сабактарды өткөрүү, ММСти жайылтуу боюнча креативдүү долбоорлор, медиа сабаттуулукту баалоо боюнча изилдөөлөр, социалдык тармактардын колдонуучулары үчүн креативдүү иштеп чыгуулар жана ММСти билим берүүгө кийирүү боюнча мыйзамдык демилгелер менен маалымат бөлүшүшөт.

Конференциянын жыйынтыгында бул багытта ишмердүүлүк жүргүзгөн тараптардын баарын бириктирген эл аралык MIL Promotion Alliance түзүлөөрү күтүлүүдө.

Эске салсак, I Борбор Азиялык конференция 2019-жылдын 15-16-ноябрында Бишкек шаарында өтүп, анын негизги темасы критикалык ой жүгүртүү көндүмдөрүн киргизүү жана маалыматты компетенттүү керектөө аркылуу билим берүү тармагында медиа сабаттуулукту илгерилетүү жана өнүктүрүү болгон. Ошондой эле ММС боюнча эл аралык жана улуттук долбоорлорду талкуулоо ишке ашкан. Конференциянын жыйынтыгында Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан жана Монголиянын жарандык уюмдарынын ортосунда ММСти жайылтуу боюнча өнөктөштүк меморандумуна кол коюлуп, келечектеги биргелешкен долбоорлордун пайдубалы түптөлгөн.

ММСке багытталган Борбор Азиялык конференциянын экинчиси 2021-жылдын 14-15-октябрында Бишкек шаарында өтүп, мында инфодемия доорундагы медиа-маалыматтык сабаттуулуктун актуалдуулугу, фейктерге жана пандемия учурунда дезинформациянын көзөмөлсүз агымына каршы күрөшүү, ошондой эле билим берүү системасынын алдында турган милдеттер талкууланган.

Медиа-сабаттуулук боюнча бул жолку III Борбордук Азиялык конференция Германиянын Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү федералдык Министрлигинин, DW (Дойче Велле) Академиясынын колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен өнөктөштүктө Кыргыз Республикасында медиа жана маалыматтык сабаттуулукту жогорулатуу долбоорунун алкагында “МедиаСабак” Фонду тарабынан уюштурулууда.

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM