Биз менен байланышыңыз

Талиева этникалык кыргыздарга жөлөкпулдун көлөмүн көбөйтүүнү сунуштады

Кыска кабар | 3 Ноя 2022 | 163 | 0

Бүгүн, 3-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камила Талиева этникалык кыргыздарга тиешелүү маселелерди көтөрдү.

Ал кайрылмандар үчүн каралган жөлөкпулдун көлөмүн көбөйтүү сунушун берди.

Андан тышкары, чек ара жаңжалынан улам Лейлек жана Баткен районунан Чүй облусуна келгендердин санын тактап, жатакана менен камсыздоо керектигин билдирди.

«Лейлек менен Баткенден келип, ар кайсы жерде, медереселерде жүргөн туугандарыдын так статистикасын алып, аларга бош турган кесиптик лицейлердин жатаканаларынан эле бош орундарыды таап, жакшы шарт түзүп бербесек болбойт. Алдыда кыш келе жатат, мен бул боюнча Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго дагы кайрылдым эле. Бул маселеге өзгөчө көңүл буруп койсоңуздар», — деди Талиева.

Ал эми депутат Эльвира Сурабалдиева Бишкек шаарындагы айрым маселелерди көтөрүп, социалдык мекемелердин кызматкерлери үчүн берилген турак-жайларды, ошол жерде көп убакыттан бери жашап жаткан жарандарга менчиктештирип берүү маселесин сунуштады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM