Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Риши Сунакты куттуктады

Кыска кабар | 3 Ноя 2022 | 145 | 0

Президент Садыр Жапаров Риши Сунакты Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады.

Жапаров Сунактын Британиянын өкмөтүнүн башчысы кызматына киришүүсү кыргыз-британ эки тараптуу кызматташтыгын сапаттуу деңгээлге чыгарууга түрткү берерине ишеним билдирди.

24-октябрда Британиянын башкаруучу партиясы болгон консерваторлор өздөрүнө лидер шайлады. Тагыраак айтканда, мурдагы финансы министри Риши Сунак эми Улуу Британиянын өкмөт башчысы болду.

Риши Сунак 42 жашта. Ата теги индиялык болгон өкмөт башчы Стэнфорд, Окcфорд сыяктуу белгилүү окуу жайларда, экономика, каржы, философия жана саясий илимдер боюнча сабак алып, дүйнөдөгү эң ири каржы корпорацияларында эмгектенген.

Өзү негиздеген инвестициялык компаниянын да кирешеси өтө жогору болуп, ал британ саясатчыларынын арасында эң бай адамдардын катарына кирген.

Өкмөттүн курамына 2015-жылы келип, 2020-жылы пандемия учурунда Борис Жонсондун командасында каржы министри болуп турган. Ал ушул жылы өкмөттүн каржы саясатына каршы пикирин билдирип кызматтан кеткен болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM