Биз менен байланышыңыз

Түлөбаев кармалган журналистерге карата жеңилдиктерди берүүнү өтүндү

Кыска кабар | 3 Ноя 2022 | 231 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев сот органдарына кайрылуу жасады. Кайрылуусунда абакта кармалып жаткан журналистерге карата туура чечим чыгарып, аларга жеңилдиктерди берүү өтүнүчүн келтирди.

Анын айтымында, журналистер табиятынан эркин сүйлөп, эркин жүргөн жана эркин оюн билдирген жарандар.

«Урматтуу райондук жана шаардык соттор, мына кармалып отурган Семетей Талас уулу, Эрлан Бекчоро уулу жана Атай Бейшебектерди камоордо сөз эркиндигине карап чечим чыгарсаңыздар. Журналистер сезимтал болуп, өзүнүн оюндагысын эркин айтканга көнүп калышат. Булар эч качан өлкөнү сатпайт жана өлкөгө кыянатчылык кылбайт. Аларга чечим чыгарууда жеңилдетилген гумандуулука барсаңыздар. Ушул журналистерге карата бир өтүнүчүм бар эле, сот органдары карап койсоңуздар»,  — деди Түлөбаев.

1-ноябрда журналист Семетей Талас уулу 48 саатка Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу камоочу жайына камакка алынган, учурда анын баш коргоо чарасы каралып жатат.

Ал эми жарандык активистер Эрлан Бекчоро уулу жана Атай Бейшебектер Бишкекте башаламандык уюштурууга шектелип, 20-декабрга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына киргизилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM