Биз менен байланышыңыз

Журналист Семетей Талас уулу эмнеге кармалганын айтты

Кыска кабар | 3 Ноя 2022 | 543 | 0

Бүгүн, 3-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотуна журналист Семетей Талас уулу алып келинди. Бүгүн ага карата баш коргоо чарасы аныкталары күтүлүүдө.

Журналист сот отурумуна кирер алдында журналисттердин суроосуна жооп берип, кайсы материал үчүн кармалганын айтып берди.

«Былтыр фейсбукта Ооганстан боюнча бир материал бөлүшкөм. Ал СССРдин, Американын аскерлеринин бул өлкөгө  келиши боюнча тарыхый бир материал болчу. Бөлүшкөндөн кийин бирөө жазды, «Семетей, бул сайт «хизбуттардын» сайты да, билбейсиңби? деди. Мен билбейм дедим. Чын эле ошондой болсо анда өчүрөйүн деп, 20 мүнөттүн ичинде өяүрүп салгам. Бирок ал базага түшөт, кармап тура беришет да анан февралда үйгө келип тинтүү кылып, диний китептерди алып кетишкен. Ал Муфтияттын уруксаты менен чыккан китептер, андан эч нерсе чыккан жок. Үйдөн да эч нерсе чыккан эмес. Мен өзүм биздин салтуу исламдын багытын карманган катардагы мусулманмын. Мен ал материалды байкабастан бөлүшүп алгам, атайын эмес» , — деди Семетей Талас уулу.

1-ноябрда журналист ИИМге суракка чакырылган. Ага Кылмыш жаза кодексинин 332-беренеси («Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу») менен айып коюлууда.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан 2022-жылдын 18-февралында Семетей Талас уулунун үйүн тинтүүгө алынып, өзүн кармап кетишкен.

Кийин УКМКга күбө катары алып барылганы, ага экстремизмдин элементтери бар билдирүүнү социалдык тармактагы баракчасына бөлүшкөнү себеп болгону айтылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM