Биз менен байланышыңыз

Өмүрзаков Бишкекте абанын сапатына көңүл бурулбай жаткандыгын сынга алды

Кыска кабар | 3 Ноя 2022 | 237 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Сүйүнбек Өмүрзаков парламенттин 3-ноябрдагы жыйынында Бишкек шаарындагы абанын булганышы жана тазалык маселесин көтөрдү.

Анын билдирүүсүнө ылайык, ушул жылдын октябрь айына карата Бишкек шаары абанын тазалыгы боюнча дүйнөлүк рейтингде 42-орунда турган. Бул — борбор калаада абанын сапаты өтө төмөн дегенди билдирет.

«Абанын булганышынын негизи булактары жер үйлөрдө жагылган көмүр отундары. Булардын катарына сауна жана мончолор дагы кирип кетет. Экинчиси, бул унаалардан чыккан түтүндөр. БУУнун өнүктүрүү программасынын маалыматына таянсак, акыркы 10 жылда Кыргызстанда өлгөн жарандардын 13%ы таза абанын болбогондугунан болушу мүмкүн экендигин айткан. Эгерде абанын булганышы ушундай темп менен кетсе 2040-жылы абанын булганышы 60%га өсүшү мүмкүн. Ошондуктан бул багытта мамлекеттин бирдиктүү программасы жана саясаты болушу керек. Эгерде буга көңүл бурбасак, анда жаш өспүрүмдөрдүн өмүрү жана ден соолугу коркунучта», — деди эл өкүлү.

Ошондой эле ал Бишкектеги жер үйлөрдү газ менен жылытуу системасына өткөрүү керектигин белгилеп, тиешелүү органдардын абанын тазалыгына көңүл бурбай жатканыдыгын сынга алды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM