Биз менен байланышыңыз

Түмөнбаев дыйкандарга көңүл бурууга чакырды

Кыска кабар | 3 Ноя 2022 | 138 | 0

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Акылбек Түмөнбаев дыйкандардын маселелерин көтөрдү. Анын айтымында, бүгүнкү күнгө чейин айдоо аянттарындагы дыйканчылыгын жазда мөндүр алып кеткен фермерлерге эч кандай жардам берилген эмес. Алар эгинди банктардан насыя алып айдашканын айтып, бийликке жардам сурап кайрылышкан эле. Дыйкандар келтирилген чыгымдардын ордун толтуруп берүүнү өтүнүп келишет.

Түмөнбаев ошондой эле картошка эккен дыйкандардар учурда түшүмүн саталбай отургандыгын белгилеп, керек болсо мамлекет өзү сактоочу жай куруп, картошкаларын сатып алуусун талап кылды.

Мындан сырткары эл өкүлү Айыл чарба министрлиги жазында берген буудай үрөндөрүнүн түшүмдөрүн бир дагы тегирмен албай жатканын,  буудайдын сапаты төмөн бааланып, тоютка алып жатышканын билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM