Биз менен байланышыңыз

Ооганстан: Талиптер бийликке келгенден бери апийимдин айдоо аянты 32%га кеңейди

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Ноя 2022 | 613 | 0

Ооганстандын бийлигине «Талибан» кыймылы келгенден бери өлкөдө апийим өстүргөн жерлердин аянты өткөн жылга салыштырмалуу 32%га өстү. Бул маалымат БУУнун баңгизат жана кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын баяндамасында айтылды.

Апийим негизинен Ооганстандын түштүк-батыш облустарында айдалып, жалпы көлөмдүн 73%ы туура келет. Гилменд провинциясында айдоо жерлердин бештен бир бөлүгүнө апийим айдалган.

Жалпысынан 2022-жылы Ооганстанда апийим 233 миң гектар жерге айдалып, былтыркыдан 56 миң гектарга көбөйгөн. Баяндамада айтылгандай, апийимди айдоого тыюу салынганына карабастан көлөмү көбөйүүдө. Буга баанын эки эсе өскөнү себеп болууда. 2021-жылы 1 кг апийим 100 доллар болсо, быйыл апрелде 200 долларга чыккан. Мындан улам БУУ ооганстандык фермерлер ар кандай чектөөлөргө карабай апийимди айдоону уланта берет деген божомолун айтууда.

Ооганстандын бийлигине «Талибан» (Кыргызстанда тыюу салынган) кыймылы былтыр август айында келип, өкмөттүк күчтөр менен күрөшүү аяктаганын билдирген. Алар дүйнө коомчулугуна өлкөдөгү бангизат аткезчилиги менен күрөшүүгө убада берген. Бирок азыркы күнгө чейин Талибандын убактылуу өкмөтүн эч кайсы өлкө расмий тааный элек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM