Connect with us

Казак-өзбек чек арасындагы «Навои-Капланбек» өткөрмө бекети убактылуу жабылат

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Ноя 2022 | 626 | 0

Өзбекстан менен Казакстандын чек арасындагы «Навои-Капланбек» көзөмөл-өткөрмө бекети 1-ноябрдан баштап 19 айга жабылат. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы жазды.

Көзөмөл-өткөрмө бекетте казак тарап жаңылоо иштерин жүргүзөт.

Августта Казакстандын Мамлекеттик кирешелер комитетинин башчысы Данияр Жаналинов 2022-2023-жылдары тогуз автоунаа жана бир темир жол өткөрмө бекетинде модернизация жана техникалык жаңылоо иштери пландалып жатканын кабарлаган.

Казак тараптын эсеби боюнча бекеттердин автоунаа өткөрүү мүмкүндүгү 8 эсе көбөйүп, аларды тейлөө тездейт.

Мындан тышкары бизнес жараяндарды автоматташтыруу, бажы көзөмөлүн борборлоштуруу жана коррупциялык тобокелчиликтерди азайтуу боюнча чаралар ишке ашары айтылган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM