Бүгүн, 1-ноябрда журналист, жарандык активист Семетей Талас уулу өзүн милиция алып кеткенин «Маралга» тастыктады.
Ал Бишкек шаардык тергөө башкармалыгына алып кетишкенин, бирок эмне себептен экенин билбей турганын айтты.
Ички иштер министрлиги бул боюнча расмий маалымат бере элек.
Быйыл 18-февралда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Семетей Талас уулунун үйүн тинтүүгө алып, өзүн кармап кетишкен. Кийин УКМКга күбө катары алып барылганы, ага экстремизмдин элементтери бар билдирүүнү социалдык тармактагы баракчасына бөлүшкөнү себеп болгону айтылган. Журналист Кылмыш-жаза кодексинин «Экстремисттик материалдарды таратуу» деген берененин негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында сурак берген.