Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 2-ноябрда Ош, Баткен облустарынын айрым аймактарында жаан жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан, тоо этектеринде кар жаашы күтүлөт, Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +2…+7, күндүз +12…+17,
Талас облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +10…+15,
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +11…+16,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +8…+13,
Нарында түнкүсүн -8…-13, күндүз +2…+3.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +5…+7, күндүз +15…+17.